Мектептин тарыхы
Муса Жусупов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ново-Вознесеновка айылында жайгашкан.
Райондук борбордон 26 км аралыкта.
Мектеп 1906-жылы 2 жылдык болуп ачылган. 1935-жылы 7-жылдык, ал эми 1937-жылы 10-жылдык болуп жаныланган.
1947-жылы биринчи жолу бүтүрүүчүлөрдү уядан учурган, бул
учурда атайын мектеп үчүн дагы эки имарат бөлүнгөн.
1957-жылы жаны мектептин имараты салынган.
1971-жылы жер титирөөдөн кийин кайра калыбына келтирилген.
2005-2006-окуу жылынан баштап мектеп айылдын чыгаан инсаны Муса Жусупов атындагы орто мектеби болуп которулган.
Мектептин жалпы аянты 33321 м2. Мектеп типтүү, эки кабаттуу, 320 окуучуга эсептелген.
2022-2023-окуу жылында мектепте 710 окуучу, 60 мугалим эмгектенет.